www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда кечээ, 8-июль күнү короновирус менен ооруган адам каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран ооруканада дарылануудан баш тарткан. Анын ооруканадан качып кеткени Баткен ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Маркум 2-июль күнү Бишкек шаарынан келгендиктен Баткен райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториясында ПЧР-анализ тапшырган. Анын жыйынтыгы оң чыккандыктан ошол күнү оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып, дарыланып жаткан. 7-июль күнү өз билемдик менен өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын бузуп, санитардык-эрежелердин нормаларын сактабай, оорусунан толук айыга электе ооруканадан качып кеткен.

Баткен ШИИБдин милиция кызматкерлери жана медицина кызматкерлери Ш.Б.нын үйүнө барышканда, ал ооруканага жатпай турганын билдирип, бир канча эскертүүгө баш ийгиси келген эмес. Медицина кызматкерлери үй шартында да дарыланса болот деген жыйынтыкка келип, бейтапты үйүндө калтырып коюшкан.

Окуя 7-июль күнү Баткен ШИИБдин Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-1-беренеси менен (Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Баткен облусунда бүгүнкүгө чейин 213 адамдан коронавирус аныкталды. Соңку маалыматка караганда, алардын ичинен 56 бейтап сакайып, 1 киши каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости