www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыкты, ал абакка которулат

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев пневмония оорусунан айыкты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, анын абалы канааттандырарлык.

«Дарыгерлердин кеңешмеси өтүп, анын жыйынтыгы менен Атамбаевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайына которуу чечими кабыл алынды. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деп айтылат маалыматта.

А.Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталып, ал эми ПЧР-тесттин жыйынтыгында коронавирус тастыкталган эмес. Ал Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында (атайын оорукана) дарыланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости