www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы “Альфа” атайын бөлүмү менен биргеликте жүргүзгөн операция учурунда ок атышуу катталды.

Бул тууралуу Kaktus.Media жана 24.kg басылмалары укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен жазышты.

Маалыматка ылайык, операция 5-июль күнү кечки саат 19:00 чамасында “Кадамжай” жана “Чечме” көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде жүргүзүлгөн.

Атайын кызматтын кызматкерлери бекеттерге кирген учурда каршылык болуп, ок чыгарылганы айтылууда.

Операциянын жыйынтыгында жалпысынан 27 кызматкер УКМКнын Баткен облустук башкармалыгына жеткирилген.

Ошондой эле эки АК-74 автоматы, эки магазин жана 60 ок алынганы кабарланды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чек ара бекеттеринде кызмат өтөгөн айрым жооптуу адамдар коррупцияга шектелүүдө.

Кармоо учурунда ири суммадагы акча каражаттары да табылганы айтылууда.

Расмий органдар азырынча окуя боюнча комментарий бере элек.

Последние новости