www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы текстиль продукциясынын бажы наркын төмөндөтүү фактысын аныктады.
Натыйжада мамлекеттик бюджетке 2 108 794 сом толугу менен кайтарылды.
Маалыматка ылайык, Түркмөнстандан «М.Т.» ЖЧКсынын дарегине «Кант» бажылык тариздөө жайы аркылуу жалпы салмагы 21 656 кг болгон текстиль продукциясы келип түшкөн.
Документтерди текшерүү учурунда бирдей реквизиттер менен эки башка эсеп-фактура аныкталган. Алардын биринде товар баасы 11 573 АКШ доллары, экинчисинде 56 610 АКШ доллары көрсөтүлгөн.
Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан Түркмөнстандын тиешелүү органдарына суроо-талап жөнөтүлүп, жыйынтыгында 56 610 АКШ доллар көрсөтүлгөн эсеп-фактуранын туура экени тастыкталган.
Кайра эсептөөнүн негизинде төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрү 2 108 794 сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча материалдар тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында бюджетке келтирилген зыян толук калыбына келтирилип, 2,1 млн сомдон ашык каражат мамлекеттин кирешесине чегерилди.