www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун Миң-Чынар айылынын тургуну, 31 жаштагы дыйкан Кубаныч Барат уулу акыркы төрт жылдан бери кулпунай өстүрүү менен алектенип, туруктуу киреше табууда.
Аймакта мындай дыйканчылык сейрек кездешкенине карабастан, Кубаныч Барат уулу кулпунайды жыл бою — кышында да, жайында да өстүрүүнү ийгиликтүү жолго койгон. Бул багыт айыл чарбасында жогорку киреше алып келүүчү альтернатива катары бааланып, дыйканчылыкты диверсификациялоого шарт түзүүдө.
Ал 2022-жылы атайын окуудан өтүп, 2023-жылы заманбап күнөскана курган. Дыйкан бул тажрыйбаны коңшу Өзбекстан Республикасынан көрүп, керектүү материалдарды ошол жактан алып келип, иш жүзүндө колдонгонун белгилейт.
Алгач кореялык «Сохен» сортундагы кулпунайды өстүрүп, жакшы түшүм алган. Учурда болсо Ош шаарынан алынып келген «Кабирелло» сортундагы көчөттөрдү отургузуп, андан мол түшүм алып жатат. Бул сорттор базар талабына жооп берип, сапаты жана түшүмдүүлүгү менен айырмаланат.
Күнөсканада заманбап жылытуу жана тамчылатып сугаруу системалары орнотулган. Кыш мезгилинде күнүнө орточо 300 килограмм көмүр сарпталат. Тамчылатып сугаруу сууну үнөмдүү пайдаланууга жана өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Дыйкан жаңы агротехнологияларды өздөштүрүү максатында ар дайым семинарларга жана окууларга катышып, билимин үзгүлтүксүз өркүндөтүп келет.
Мурда кулпунайын Ош шаарында сатса, учурда Баткен облусундагы соода түйүндөрүнө өткөрүп жатат. Учурда кулпунайдын базар баасы 1 килограммы 1500 сомдон жогору, кыш айларында 2000 сомго чейин, ал эми апрель айында 700–800 сомго чейин төмөндөйт.
Күнөскананын жалпы аянты 10 сотыхты түзөт. Мындан тышкары, дыйкан кулпунайды 90 жана 15 сотых ачык жерге да отургузган. Ал жерлердеги түшүм апрель айында бышып жетилет.
Дыйкандын айтымында, 10 сотых күнөсканадан 500 килограммдан ашык, ал эми 1 гектар аянттан 25 тоннага чейин кулпунай жыйноого мүмкүн.
Бул иш-аракет Баткен облусунда айыл чарбасын өнүктүрүүгө, жаштарды дыйканчылыкка тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана ички рынокту жергиликтүү продукция менен камсыздоого жакшы үлгү болуп саналат.