www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу Исхак-Полотхан милициянын айылдык бөлүмчөсү тейлеген аймагында «Үй-бүлө» аталышындагы операциянын алкагында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чаранын жүрүшүндө “Баяман баатыр” соода базарында жарандар менен жолугушуулар өткөрүлүп, укук бузуулардын алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин негизинде 14 жаранга карата административдик протоколдор түзүлдү. Мындан сырткары, жарандарга мыйзам талаптары боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилип, профилактикалык иштер улантылды.

 

Последние новости