www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австрияда жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында калктын жарымынан көбү Украинага каржылык жардам көрсөтүүгө каршы экендиги аныкталды. Бул тууралуу Heute басылмасы жүргүзгөн сурамжылоого таянып РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, респонденттердин 58 пайызы Украинага жардам берүү ордуна каражатты өлкө ичиндеги социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүгө багыттоо керек деп эсептешет. Ал эми сурамжылоого катышкандардын 30 пайызы гана Киевге жардам көрсөтүүнү колдошкон, калгандары так позициясын билдиришкен эмес.

Ошондой эле эң көп каршы пикир билдиргендер 30 жаштан 59 жашка чейинки жарандар экени белгиленет — бул курактагы респонденттердин 63 пайызы Украинага жардам көрсөтүүгө каршы болушкан.

Последние новости