www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен шаарынын тургуну К.Б. милицияга арыз менен кайрылып, 35 жаштагы Д.К. анын ишенимине кирип, “Хундай-Грандеур” автоунаасын 21 000 АКШ долларына алдап алып кеткенин билдирген. Ошондой эле, кылмышка шектүү мурда да, тактап айтканда 2024-жылдын 8-октябрында “Киа К-5” автоунаасы үчүн 500 000 сомду банк аркылуу алдап алган. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Баткен РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Д.К. 11-февралда Баткен районунда атайын “Издөө” операциясы менен кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Шектүүгө кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча айып тагылып, баш коргоо чарасы камак түрү тандалып алынды.