www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек РИИБдин Андарак милициясынын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Сумбула айыл өкмөтү менен биргеликте “Зордук-зомбулуктун алдын алуу” максатында жыйын уюштурушту. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара Андарак, Искра, Сары-Дөбө жана Көк-Таш айылдарынын тургундарынын катышуусунда өтүп, анда үй-бүлөлүк зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө жарандарга мыйзам талаптары, жоопкерчилик чаралары, ошондой эле зомбулуктун кесепеттери тууралуу маалымат берилип, катышуучулардын суроолоруна жооптор кайтарылды.