www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 11-февралында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык тышкы иштер министри доктор Йоханн Вадефул менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери сый-урматка, тең укуктуулукка жана өз ара пайдалуулукка негизделген кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө эки өлкөнүн ачык экендигин жана даярдыгын тастыкташты. Саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү камтыган актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Тараптар ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесине токтолуп, Министр Ж. Кулубаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына өткөн шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, алар улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык, шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана коомдук ишенимди камсыз кылуу менен өткөрүлгөнүн белгиледи.

Акыркы жылдардагы Кыргыз Республикасынын ийгиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу айктан Министр Ж. Кулубаев гидроэнергетика, айыл чарба, транспорт жана логистика, ошондой эле туристтик инфраструктура сыяктуу келечектүү тармактарда германиялык компаниялар менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн биргелешкен чараларды көрүүгө чакырды. Мындан тышкары, тараптар "жашыл" экономика, электрондук соода, жаңы технологиялар, мобилдүүлүк жана билим берүү сыяктуу артыкчылыктуу багыттарда кызматташтыкты активдештирүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашып, Бириккен Улуттар Уюму, ЕККУ жана Европа Бирлиги баштаган ар түрдүү эл аралык уюмдардын жана аймактык бирикмелердин алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Европа Бирлигинин санкциялык маселелерине токтолуп, Министр европалык өлкөлөрдү конструктивдүү жана тең салмактуу мамиле жасоого чакырды. Ал чектөө чараларын киргизүүгө так жана бир маанилүү негиздердин жоктугуна көңүл буруп, алардын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирлерин белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактай турганын билдирип, европалык институттар менен ачык, тең укуктуу жана өз ара пайдалуу диалог жүргүзүүгө даяр экендигин айтты.

Последние новости