www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен районунда мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы күрөшүү, ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Нелегал” жана “Экстремист” аталышындагы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу Баткен РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Баткен РИИБдин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чаралардын алкагында мыйзамсыз миграциянын жана экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алуу, укук бузууларды аныктоо жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер аткарылууда.
Мындан тышкары, иш-чаралардын жүрүшүндө Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен жаранды издөө боюнча да издөө-куткаруу иштери уюштурулду.
Ага тиешелүү кызматтар тартылды.