www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Узундугу 161 чакырымды түзгөн Барскоон – Бедел унаа жолу эки тилкелүү болуп курулуп, 2030-жылы пайдаланууга берилери пландалууда.

Бул тууралуу Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен пресс-турунда China Road and Bridge Corporation компаниясынын башкы директорунун орун басары Цай Юй билдирди.

Анын айтымында, жол деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктиктеги татаал тоолуу аймак аркылуу өтөт.

Долбоордун алкагында 50дөн ашык көпүрө, анын ичинде үч ири көпүрө, эки туннель жана бир жол түйүнү курулат.

Эң ири курулуш объектиси Барскоон дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө болмокчу.

Узундугу 360 метр, бийиктиги 80 метрди түзгөн бул көпүрө пайдаланууга берилгенден кийин Кыргызстандагы эң чоң көпүрөгө айланат.

Мындан тышкары, Тарагай дарыясында 287 метрлик, Кара-Сай дарыясында 417 метрлик көпүрөлөр курулат.

Ошондой эле Сөөк ашуусунда узундугу 5340 метр болгон «Сөөк» жана 3788 метрлик «Ашуу-Суу» туннелдери салынып, заманбап жарыктандыруу системалары менен жабдылат.

Компаниянын маалыматына ылайык, курулуш толугу менен аяктагандан кийин объектке 5 жылдык кепилдик мөөнөтү берилет.

Последние новости