www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун үч тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты.
Буга байланыштуу Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды.
Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол эксплуатациялоо мекемелеринин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду сел калдыктарынан тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүп жатышат.
Министрлик айдоочуларды киргизилген убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жол кыймылында этият болууга жана тиешелүү кызматтардын көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.