www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Балдар үчүн ишеним телефону” борборуна 2020-жылдын 10 айында 1191178 ар кандай кайрылуу, бир суткада орто эсеп менен 390 чалуу түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Тактап айтканда, 884 жаш бала, 3847 чоң адам консультация алуу максатында, жардам көрстүүнү суранып чалган. Мунун ичинен 1087 эркек, 3644 аял, 260 эркек бала, 624 кыз кайрылган.
3800 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана кеңештер, 521 абонентке психологиялык кеңеш берилген. 410 кайрылуу тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлүп, алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруу сунушталган.
Булак: NazarNews.kg