www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Даниел Ажиевдин элге берип аткан жардамына каршымын, акчасына каршымын! Качан кыргыздар кызын сойкулукка сатып жан багып калды эле? Качан кыргыз сойкулуктан түшкөн акчага нан жеп калды эле? Же ушуга жетип калдыкпы?

Сойкулук эң оор күнөө. Ошол кыздар идиш жууса, бирөөнүн дааратканасын тазаласа, базарда нан сатса да АДАЛ ООКАТ КЫЛМАК!

Даниелди актабагыла, жактабагыла! Ушундай кырдаалда жардам берип атат дебегиле. Эмне ушундай кырдаалда атаңардын этин берсе да жейсиңерби же кызыңар сойкулук кылып тапкан акчага тамактанасыңарбы кокуй?

Эчен ашуудан ашып, жамандыкты, жутту, ачарчылыкты, согушту, жокчулукту көргөн кыргыз КАЧАН КЫЗЫНЫН СОЙКУЛУГУНАН ТАБЫЛГАН акчага нан жеди эле? Качан?

Ушул тынч, сонун баары жетишкен заманда 15 күндүк карантинге чыдабай, бекер болсо энемдин этин болсо да жейм дегенге жетип калдыңар беле? Жүрөгүм айланат мындай нерседен!

Кыргыздын кызы-эртеңки эне. Кызың бузулбасын, кыргыз бузулат!! Акыл эсибиз барында этегибизди жаап, кызыбызды тарбиялайлы!

Баяна Кулова, журналист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости