www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Монголияда өтүп жаткан таэквондо ITF боюнча Азия чемпионатына кыргызстандык спортчулардын катышы албай калышына байланыштуу түшүндүрмө берди.
Агенттиктин маалыматына ылайык, аталган мелдешке катышууга даярданып жаткан спортчулар Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү болуп саналбайт. Буга байланыштуу алардын катышуусу өлкөнүн улуттук курама командасынын расмий катышуусу катары каралбайт жана мамлекеттик бюджеттен каржыланган эмес.
Ошондой эле спортчулардын авиабилеттерин уюштуруу үчүн тартылган үчүнчү тарап компаниясы тарабынан билеттер талаптагыдай сатып алынбаганы аныкталып, алардын өз убагында учуп кетүүсүнө тоскоолдук жаралганы маалымдалды. Учурда бул маселени жөнгө салуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, алдамчылыктан улам Кыргызстандын таэквондо ITF боюнча спортчулары Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатына уча албай калышкан. Бул тууралуу Таэквондо ITF федерациясынын вице-президенти Сардор Рахимшайхов видео кайрылуусунда билдирген.
Эске салсак, Кыргызстандын таэквондо ITF боюнча командасы 3-августта Монголиянын Улан-Батор шаарында башталган Азия чемпионатына уча албай калган. Спортчулар авиабилеттердеги көйгөйлөрдөн улам мелдешке өз убагында учуп кете алышкан эмес.
Федерациянын маалыматына ылайык, авиабилеттерди сатып алуу үчүн 2 млн сомдон ашык каражат чогултулуп, С. Н. В. аттуу адамга өткөрүлүп берилген.
Кийинчерээк Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы авиабилеттерди сатууда алдамчылыкка шектелген 1993-жылы туулган С. Н. кармалганын маалымдаган.
Ал Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.