www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсибизде болсо, Азимбек Бекназаров 2010-жылдын 7-апрелинде аянттагы элдерди аткан снайперлер кармалганын кайра-кайра жарыялаган. Анда ал Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, күч структураларынын координатору кызматын аркалачу. Алгач 7 киллер кармадык десе, кийинчерээк дагы сегизин туткундашканын, алар УКМКга камалып сурак берип жатышканын билдирген. Анын ишендиришинче, снайперлер чет элдиктер болуп чыккан жана аларды Бакиевдер жалдап алып келишкен экен. Күүлөнүп алган Азике "50 снайперлик мылтык алынып, аларга карата баллистикалык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча кайсы мылтык кай жерден атканы жана кайсы снайпер кимге атканы да аныкталат" деп фантазиясын андан бетер күчөткөн.

Бирок, турмуш көрсөткөндөй, мунун баары адыраңдаган Азимбек Бекназаровдун адаттагыдай беш өрдөгү болуп чыккан. УКМКнын да, ИИМдин да, башка күч органдарынын да абактарында котолоштуруп айдап барып отургузуп койгон снайперлер жок болуп чыкты.

Абактарга улуттук эң маанилүү стратегиялык объект болуп эсептелген Ак үйдү коргогон "альфачылар" менен СГОчуларды тыгып, аларга "снайперден тынч митинг өткөрүп жаткан элге ок аткан" деген жалааны жаап, документтештирип жатышкан.

Ошонун баары УӨ мүчөсү А.Бекназаровдун ишараты менен болгонун тергөөчүлөр "былгытып" коюшканын билебиз. Маселен, сурактагы "альфачы" Талантбек Мамбетов мындай иштердин артында Бекназаров турганын ага Эльдияр Алымов аттуу тергөөчү айтканын сотто билдирген.

Андан калса, эч бир расмий документте, иликтөө комиссияларынын отчетторунда, тергөө органдары менен соттук инстанциялардын кагаздарында бул маалыматтар такталган жок.

2010-жылдын апрель-июнь коогалаңдарын иликтеген Улуттук комиссия, парламенттик комиссия жана башка баардыгы болуп ондон ашык комиссия түзүлүп, иликтеди. Бирок, эч кимиси апрелдеги куралдуу төңкөрүштө жалданма снайперлер болгонун ырастай алышкан жок. Бул тууралуу дээрлик бардык ММКлар жазышты. Күмөн санагандар ошол документтерди дагы бир сыйра аңтарып карап чыгышса болот.

Андан кийинчерээк Башкы прокурор болгон Аида Салянова "Азаттык" уюштурган онлайн-конференцияда катышып жатып "жалданма снайпер болбогонун" расмий билдирген.

 УКМКнын ошол кездеги башчысы Шамиль Атаханов болсо "снайперлер тууралуу чуулуу билдирүүлөрдү таркаткан Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү артында эч кандай тастыктаган материалдарды калтырышпаганын" айткан.

Аягында Бекназаров болсо "эч ким муну менен алектенбей жатат. Эгерде жакшылап иштесе аларды табышат болчу. Алардын мылтыктарды көтөрүп алып ары-бери басып жүрүшкөнүнүн, атургай мактанып жатышканынын  видеолору интернетте жүрөт го. Эмнеге булар иликтенбейт?" - деп күйүп-бышкан.

Күйүп-бышкандык өзүнчө кеп, мындай ролду ал кезде Атамбаев баш болгон төңкөрүшчүлөр баары аткарып жатышпады беле. Ыйламсырап, касам ичип, убадаларды берип...

Бирок, сөздөрүң далилсиз болсо, ырастаган тиешелүү документтериңди көрсөтө албасаң сенин расмий бийликти мыкчыганың менен күч структураларын башкарганыңдан эмне пайда? Анда Азике бюрократиянын майын сыккан мамлекеттик башкаруудан, далилди томдоп жыйнаган оперативдик иликтөөдөн ныпым кабары жок, жөн гана бош дагырадай адыраңдаган саясатчы сөрөйдүн деңгээлиндеги бир көрпенде турбайбы.

Байкаган адамга Бекназаровдун башында "15 снайпер кармадык" деген билдирүүлөрү менен кийинки "алар интернеттеги тасмаларда жүргөн, издесе табышат болчу" деген жомогу логикалык жактан эч коошпой келет.

Ал эми Ш.Атахановдун дагы бир мындай дегени бар: "Бекназаров снайперлерди кармашканын бир нече жолу билдирип чыкты. Бул Убактылуу Өкмөттүн жооптуу мүчөсүнүн сөзү. Мен УКМКда болгон бардык тергөө материалдарын анализдеп чыктым. Мен снайперлер болгон эмес дебейм, бирок эч жерде алар тууралуу материалдар да жок. А эмне үчүн бул материалдар жок? Бул органдардын ошол кездеги жетекчилерине чоң суроо. Эмне үчүн алар муну өз учурунда иликтебеди? Башкы маселе мына ушунда". Кеп учугуна назар бурсак, күч органдарынын башкы жетекчилигинде так ушул Бекназаров өзү отурбады беле. Демек, алгач бар болуп, кийин тумандап барып жокко чыккан снайперлердин жоопкерчилиги Азикеге барып такалабы? ММКларда төңкөрүштүн шаңы менен жашылбайларды бөлүштүрүүнүн кызыгына баткан Убактылуулар снайперлерди да соодалап, алчусун алып, барчу жерине жеткирип коюшканын жазышкан. Бул варианттын чындыгы канчалык? Бекназаров, Курманбек Бакиевдин куйругун чукуламыш болбой, өзүнүн артын тазалап алса болмок. Ансыз деле акыркы күндөрү Мээрбек Мискенбаев менен Азимбек Бекназаровдун деңгээли коомчулукта бирдей болуп, бири Алмазбек Атамбаевдин жанынан тебилип - Бокбасаров деп аталса, бири Маскарапоз аталып Жогорку Кеңештен айдалганы калппы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости