www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Москва шаарында балдар аянтчасында 24 жаштагы кыргызстандык келин асынып турган абалда табылды. Бул тууралуу Москва шаарындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, 9-июль күнү таң эрте социалдык тармактар аркылуу Москвадагы балдар ойноочу аянтта асынып турган келиндин сүрөтү интернетке тарап кеткен. Андан кийин каза болгон келин кыргызстандык 24 жаштагы А.Айгерим экени аныкталган. Окуя Пожарный көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Келиндин асынып турган денесин жергиликтүү тургундар көрүп калышкан.

Тергөө кызматынын болжолдуу маалыматтары боюнча, келин өз жанын кыйган. Ал 1 баланын энеси болчу деп Турмуш басылмасы жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости