www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Сиз көптөн бери биздин сайтка интервью беребей калдыңыз. Айтынызчы, сизди таарынтып алган жокпузбу?

--Акыркы күндөрдө мен көбүнчө сырта жүрүп калдым. Эч кандай таарыныч жок. Сиздер менин пикиримди окурмандарыңыздарга жеткирип жатсаңыз, мен кантип таарынмак элем.

--Анда жакшы экен. Биз сизден КР президенти С.Жээнбеков баштаган коррупцияга каршы күрөш жөнүндө пикир сурайлы деп жүрдүк эле. Айтыңызчы, сиз аны колдоп жатасызбы же кээ бир саясатчыларга окшоп – камалгандарды саясый куугунтук деп баалап жатасызбы?

--С.Жээнбековдун коорупцияга каршы күрөшүн мен саясый куугунтук деп эч баалабайм. Саясый куугунтук болуш үчүн, ал Атамбаевге окшоп өзүнүн саясый оппонентерине кылмыш иш козгогон жери жок да. Ал өзүн бийликке алып чыккан СДПК партиясынын айрым мүчөлөрүн гана таза же таза эмес экенин сот алдында өздөрү далилдеп алсын деп ал бул иштерди баштады. Себеби ал биздин өлкөнүн эгемендүү жаңы тарыхында эл өзү түз шайлаган биздин өлкөнүн тунгуч Президенти. Акаев парламенттин интригасы, Отунбаева жана Атамбаевдер болсо төңкөрүш жолу менен бийликке келишкен инсандар экенин элдин баары эле билет. Эл С.Жээнбековдон өлкөнү коррупциядан тазаласын деп ага түз добуш берген. Ошондуктан ал элдин талабын аткарып, өлкөнү тазалоону ал өзүн бийлекке алып чыккан СДПК партиясынан баштаганы мени өтө кубантып жатат.

--ТЭЦтеги былыктар боюнча чоң кызматтарды аркалаган инсандар бүгүн камакка алынды. Алардын ичинде сиздин досуңуз Ж.Сатыбалдиев, сиздин жердеш иниңиз О.Артыкбаев жана башкалар да бар. С.Жээнбеков, «камалгандарды үй камагына чыгарып, анан тергөө иштерин жүргүзгүлө деп жер, жерлерден тынбай кайрылуулар келип жатат», деп айтты президенттен сурангандардын арасында сиз барсызбы?   

--Мен, Ж.Сатыбалдиевди же О.Артыкбаевди үй камагына бошоткула деген Кайрылуу бар же жок экенин билбейм. Бирок О.Артыкбаев ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу ооруканага которулду деген кабарды массалык маалымат каражат беттеринен окудум. Эгерде О.Артыкбаев тууралуу менин пикиримди билгиңиз келсе, мындай деп жооп берээр элем. Согуш учурунда деле, эгер немистердин жоокери жарадар болуп пленге түшсө, аны жазалоонун ордуна биринчи иретте ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ошондуктан О.Артыкбаевдин ооруканага которулганында эч кандай мыйзам бузуулук жок. О.Артыкбаевдин бүгүн камакта отурушунда деле эч кандай зарылчылык жок. Себеби ал парламенттин жыйынында ачык эле мен тергөөчүлөр менен кызматташам деп ал өз позициясын элге ачык жарыя кылган. Бүгүн анын ден соолугу оорлоп турганда, менин пикирим боюнча, аны дарылоону улантуу керек. Эгер биздин өлкөдө андай мүмкүнчүлүк болбосо, керек болсо, ага чет өлкөдөн да мединциналык жардам алууга мүмкүнчүлүк бериш керек. Себеби адамдын бул дүйнөдө адам өмүрүнөн башка кымбат нерсе жок. Эгер сырттан дарыланууга ага уруксат берилсе, ал сакайгандан кийин кайра Кыргызстанга кайтып келип, тергөө, сот органдары менен кайра кызматташуусуна эгер керек болсо, мен Артыкбаевге кепил болуп да берем. Себеби Артыкбаев менин жердеш иним эмес, ал менин колумда окуп анан бул турмуштан озунун оордун туура тапкан мыктуу студенттеримдин бири. ТЕЦти реконструкциялоо учурунда ал акча уурдаганга катышпаганын элдин баары эле билип турат. ТЕЦтеги былыктарга уурулар гана жооп бериши керек. Алар кимдер экенин эл билип калды. Ошондуктан, ден соолугунун оорлоп кеткенине байланыштуу, О. Артыкбаев уй камагына чыгыш керек деген мен пикирдемин.

--Саясатчы А.Бекназаров менен Р. Отунбаевалар ушул жумада Конгантиевдин ишин тергөө органдары токтоткону туура эмес, аны сот гана чечиш керек деп чыгышты. Сиздин пикириниз кандай?

--Алардын айткандарын мен да окуп чыгып, бири Убактылуу Өкмөттүн жетекчиси, бири Убактылуу Өкмөттүн тергөө иштерин жетектеген куратору катары, апрель төңкөрүшүндө жабыркаган элдин көңүлүн жубатыш үчүн ушинтип айтып жатышат деп мен түшүндүм. Себеби, Таласта оор жабыркоого дуушар болгондон кийин, Конгантиев камалсын деген элде өлкөдө бир да пикир жок.

--Маегиңизге рахмат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости