www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын Улуттук жыйынынын жыйынтыгында бийликтеги «Жарандык келишим» партиясынын талапкери Рубен Рубинян парламенттин жаңы төрагасы болуп шайланды.

Добуш берүүгө 91 депутат катышып, анын 63ү «макул», 28и «каршы» добуш берди. Жалпысынан парламентте 105 депутат бар.

Рубен Рубинян 1990-жылдын 8-мартында Ереван шаарында туулган. Ал Ереван мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктап, кийин Лондондогу университеттик колледжде (UCL) жана Польшадагы Ягеллон университетинде магистр даражасын алган.

Ал 2018–2019-жылдары Армениянын тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.

2018-жылы парламенттин депутаты болуп шайланып, 2021-жылы кайрадан депутаттык мандатка ээ болгон.

Ошол эле жылдын 3-августунда парламенттин вице-спикери болуп дайындалган.

Последние новости