www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-августта Алматынын Медеу райондук соту “Бийлик өкүлүн кордоду” жана “Бийлик өкүлүнө күч колдонду” деп айыпталган жарандык активист Асия Тулесовага өкүм чыгарды.

Сот аны эки берене боюнча тең күнөөлүү деп таап, эркиндигин бир жыл алты айга чектеди. Мындан тышкары сотко кеткен чыгашаларды жабууга, жабырлануучулар фондуна 41 670 теңге (100 доллардын тегереги) төлөөгө милдеттендирди.

Бир күн мурун прокурор Тулесованы бир жыл жатак абакка кесүүнү сурап, анын күнөөсү сотто жабырлануучу катары өтүп жаткан алты полиция кызматкеринин көрсөтмөсү менен тасыкталганын билдирген.

Жарыш сөз учурунда адвокат Тулесованын ишинде кылмыштын курамы жок экенин айтып, аны толугу менен актоону сураган. Өкүм чыккандан кийин активисттин жактоочусу доо арыз менен кийинки инстанцияга кайрыла турганын айтты.

Өкүм чыгып жаткан маалда соттун имаратына активисттин тарапташтары чогулуп, “Судьяга уят!” деп кыйкырып турушту. Соттон кийин Тулесованын жакындары жана ЖМКлардын өкүлдөрү аны тосуп алуу үчүн тергөө абагын көздөй жөнөштү.

36 жаштагы Тулесова 6-июнда Алматыдагы митингде кармалган. Ал күнү полиция Казакстандын бир нече шаарында “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзамга нааразылык билдирип чыккан жүздөн ашуун адамды кармап, көбүн ошол эле күнү кечинде бошоткон.

Тулесова митинг маалында тартип коргоочулардын биринин баш кийимин чаап жибергени чагылдырылган видео Интернетке таркап кеткен. Активист кыз ал полициянын мыйзамсыз аракеттерине жооп катары ушул кадамга барганын айткан.

Буга чейин бир нече эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстан бийлигин Асия Тулесованы токтоосуз түрдө бошотууга чакырышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости