www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жүргүзүлгөн рейддик текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик маркасы жок күйүүчү-майлоочу материалдарды жана алкоголдук продукцияны аныктады.

Текшерүү учурунда кампадан акциздик маркасы жок 436 даана алкоголдук продукция жана жалпы көлөмү 13 миң 306 литр мотордук майлоочу май табылган.

Аталган продукциянын жалпы баасы 4 млн 617 миң 518 сомду түзгөн.

Аныкталган факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, бардык материалдар чогултулду. Учурда документтер укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык кызматы акциздик товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча иштерди улантып жатканын билдирди.

Последние новости