www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү тартибин дагы да күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечиси — Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу.

Мыйзам долбооруна ылайык, бардык текшерүүлөр мындан ары "Бирдиктүү электрондук текшерүү реестри" аркылуу гана жүргүзүлөт. Реестрге катталбаган текшерүүлөр мыйзамсыз деп эсептелип, юридикалык күчкө ээ болбойт. Мындай учурда ишкер текшерүүчүлөрдү ишканага киргизбөөгө укуктуу болот.

Ошондой эле бардык текшерүүлөрдү боди-камеранын жардамы менен жүргүзүү сунушталууда. Текшерүү процессинин аудио жана видео жазуулары электрондук базага сакталат.

Документте текшерүү жүргүзгөн кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү да каралган. Эгер сот текшерүүнү мыйзамсыз деп тапса, ишкерге келтирилген чыгымды алгач мамлекет төлөп берет. Андан кийин бул каражат күнөөлүү деп табылган кызматкерден өндүрүлөт.

Мындан тышкары, текшерүүлөр тобокелдиктерди баалоо системасынын негизинде жүргүзүлүп, көзөмөл негизинен тобокелдиги жогору болгон ишканаларга багытталат.

Последние новости