www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

35 жаштагы эне үч эм төрөдү

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 35 жаштагы келин пландалган операция (кесарево кесүү) жолу менен үч уул баланы жарык дүйнөгө алып келди.

"Учурда ымыркайлардын абалы туруктуу деп бааланууда, алар жаңы төрөлгөн балдардын реанимация бөлүмүндө адистердин көзөмөлүндө. Эненин абалы да жакшы, дарыгерлердин кароосунда", - деп айтылат маалыматта.

 

Последние новости