www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эл бөрү болсо бөрү бол, эл түлкү болсо түлкү бол»-деген кеп бар.Бүгүнкү соттор жүзүнө беткап кийип алган кечээки эле Атамбаевдин сүйүктүү кадрлары. Камактагы Атамбаев эмне үчүн сотторду тоготпойт:

  1. Соттор бийлик алмашып кетсе, кайрадан Атамбаевдин колуна түшүп калабызбы деп опкоолжуп турушат. Эгер алар Атамбаевдин ачуусуна тийишип,кайрадан ал бийликке келе турган болсо, тирүүлөй азабын берерин далысынан сезип турушат.
  2. Атамбаев кечээ даңазалап жүргөн апрель баатырлары баш болуп, коркокко айланышып, Атамбаевге каршы көрсөтмөлөрдү бере башташты. Булардын көрсөтмөлөрүн, ал чымын чаккандай да көргөн жок.
  3. Атамбаев эч нерсени моюнга албай койсо, кокус бийликке башка адамдар келе турган болсо, Атамбаевге “Абийир туткуну” (узник совести) макамын берип коюшу мүмкүн.
  4. 2005-жылы Акаев бийликтен кеткенде Феликс Кулов камактан бошотулган.2010-жылы Бакиев кеткенде Жекшенкулов менен генерал Исаков камактан бошотулган. Атамбаев камалган соң Текебаев камактан бошотулду, качып жүргөн Бабанов Кыргызстанга келди. Эмки бийлик алмашып калса, Атамбаев деле бошотулушу мүмкүн.
  5. Атамбаев президент болуп турганда чокуга Путиндин атын берген, Орусияга “Кыргызгазды” 1 долларга саткан жана башка Москвага көптөгөн жакшылыктарды кылган. Булар орус саясатчыларынын эсинде.
  6. Атамбаевдин Орусияда Бельянинов сыяктуу күчтүү саясатчы достору бар, мүмкүн ошолорго таянып жаткандыр.
  7. Бүгүнкү соттор жүзүнө беткап кийип алган кечээки эле Атамбаевдин сүйүктүү кадрлары, Атамбаев чүчкүрүп койсо жата калган.

Эмнеси болсо да мурунку президент Алмазбек Атамбаев Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отурумун тоготкон жок. Ал камала электе деле тергөөгө басып келген эмес. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуу отуруму улантылды. Бул отурумга да Атамбаев келүүдөн баш тарткан. Эми аны сотко мажбурлоо менен гана алып баруу калды окшойт. Бирок бул Сталиндин атын алган кыйноо бүгүнкү соттордун этикасына жатпайт.

Атамбаев УКМКнын СИЗОсунда Кой-Таштадагыдай таштарды чогултуп, бекем курчанып алганбы ким билет, азыркы сот системасынын алсыздыгы билине баштады. Азиз Батукаев өлгөнү калды деп 2013-жылы бошоп кетип, кезинде чоң чуу жараткан менен эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес. Ушул жылдын апрель айында бул иш кайрадан жанданган. Атамбаев негизги айыпталуучу катары саналып жатат. Эл оозунда айтылган кеп боюнча Алмазбек Атамбаев 10-жылдан 20-жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.  

Адвокат Замир Жоошевдин журналисттерге берген маалыматына ылайык, Атамбаев “ишти менсиз деле карай бергиле” деп талап кылып жатыптыр. Эгерде күч менен алып бара турган болсо ачкачылык жарыялаарын да айткан. Дагы бир адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, Атамбаев судьянын атына соттук процесске катышуудан баш тартаары тууралуу арыз жазган.

-Бирок, сот бул арызда сураныч бөлүгү жок экендигин айтып, конвойдон менин коргоочумду сотко катыштууруну талап кылды, - дейт Слесарев.

Слесаревдун бул айтканын Биринчи Май райсотунун Асел Равшанбекова да ырастап, “бирок, күч менен алып келүү болбойт” деди. Дал ушул себепке байланыштуу Батукаевдин иши боюнча соттун алдын ала уктуруу жыйыны жылдырылды. Ушул жылдын август айында Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаев тергөө иштерине күбө катары бир нече ирет берилген чакырыктарына каршы жооп кылып, мыйзамга баш бербей койгон.

Батукаевдин 6 жыл мурун түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча 19 адам айыпталууда. Алардын арасында мурунку президент Алмазбек Атамбаев да бар. Айыпталып жаткан 19 адамдын 17си тергөө иштери менен кызматташууга макулдугун билдирген соң эркиндикке чыгарылган. Атамбаев менен Жолдубаева гана тергөө иштери менен кызматташууга макулдугун берген эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости