www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, Исламабадда (Пакистан) 10-апрелде өтө турган АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнө кимдер катышары жарыяланды.
Ливандык “Аль-Маядин” телеканалы билдиргендей, Иран тараптан делегацияны парламенттин спикери Мохаммад Багер Калибаф жетектейт.
Ошондой эле анын курамында Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Мохаммад Багер Зулкадр жана Тышкы иштер министри Аббас Аракчи болот.
Кабыл алуучу тарап – Пакистан делегациясын өлкөнүн премьер-министри Мохаммад Шахбаз Шариф жетектейт.
“Аль-Маядин” маалымдагандай, АКШ делегациясын вице-президент Джей Ди Вэнс баштайт.
АКШ тараптан ошондой эле Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Уиткофф, Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жана АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы Брэд Купер да катышат.