www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Кыргызстан менен парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси, депутат Юсуф Беязыттын колдоосу менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөлөрү жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү үчүн ири иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага Түркия парламентинин чет өлкөлөрдүн парламенттери менен болгон парламенттер аралык достук топторунун жетекчилери, Улуу Улуттук Жыйындын комитеттеринин жетекчилери жана мүчөлөрү, ошондой эле Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия, Латын Америкасы, Кариб деңизи жана Африка өлкөлөрүн кошо алганда, чет өлкөлөр менен саясий эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу боюнча башкы дирекцияларынын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы М.А.Маматалиевдин түркиялык кесиптештерине видео кайрылуусу көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Р.А.Казакбаев сөз сүйлөп, анда эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички саясий жана социалдык-экономикалык жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары өлкөдө жүргүзүлүп жаткан институционалдык реформаларды колдой тургандыктарын билдиришип, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык стратегиялык кызматташтыктын деңгээлин жогору баалап, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык демилгелерине колдоо көрсөтүштү.

​​​​​​​

Последние новости