www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев иш сапары менен Нарын облусуна барды. 
Иш сапардын алкагында Транспорт департаментинин Нарын аймактык башкармалыгынын ишмердиги менен таанышты. 

Жолугушууда Башкармалыкка функционалдык милдеттерин так аткаруу, коррупциялык аракеттерди болтурбоо жана жол бербөө багытында иш алып баруу тапшырмасы берилди.

Министрдин орун басары А.Тургунбаев оор салмактагы жана ири көлөмдөгү жүк ташыган автотранспорт каражаттарына атайын уруксаттарды берүүнү так жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, унаа жолдордогу салмак-габариттик көзөмөлдү күчөтүүнү, габариттери бекитилген нормадан ашык болгон транспорт каражаттарына чараларды көрүүнү милдеттендирди.

Ага кошумча, Кытай Эл Республикасынан жүргүнчү ташыган минивен таксилер мыйзамга ылайык иштешин көзөмөлдөөнү жана облустун калктуу пункттарын толук автобустук маршруттар менен камсыз кылуу боюнча иштерди аткарууну дагы тапшырды. 

А.Тургунбаев ошондой эле, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 354-чакырымында жайгашкан эл аралык автотранспорттордун токтоочу жайына барып, ал жерде жайгашкан Транспорт департаментинин Нарын аймактык башкармалыгынын КЭРге кирип чыгууга уруксат барагын электрондук түрдө берүү пунктунун иштери менен жеринде таанышты.

 

Последние новости