www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы апрель, май айларындагы карантин учурунда Кыргызстанга беш мамлекеттен вирус кирген. Бул боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториялык сыноолор борборунун башчысы Айгүл Жумаканова билдирди.

Анын айтымында, Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) “Вектор” референс-лабораториясында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкты.

Айгүл Жумаканова: “2020-жылы 25-майда карантин учурунда ордо калаадагы клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасына түшкөн жарандардан алынып, коронавирус инфекциясына оң жыйынтык көрсөткөн 20 даана биоматериалды топтоп, Россиядагы “Вектор” референс-лабораториясына жибердик. Бул изилдөөнүн максаты – Кыргызстандагы вирустун таржымалын аныктоо болчу. Илимий изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, кайсы мамлекеттен Кыргызстанга вирус киргени аныкталды. Алар үч топко бөлүнөт:

1. Швеция, Россия Федерациясы.

2. Швеция, АКШ, Бириккен Араб Эмираттары.

3. Оман мамлекети.

Ушул мамлекеттерден келген геном Кыргызстанда басымдуулук кылаары аныкталды”.

Эң кызыгы таажы вирусунун мекени – коңшу Кытайда байкалган геном Кыргызстанда карантиндик эрежелер сакталган учурда аныкталбаганын Айгүл Жумаканова белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости