www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-августта Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов КР Тышкы иштер министрлигине арыз жазып, өзүнүн элчилик ыйгарым укугун октябрь айынын аягына, БШК 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын чыгарганга чейин токтото турганын билдирди. Мыйзам буга жол берет. Бул тууралу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, элчи Ибрагим Жунусов “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси менен шайлоого катышат.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо мурунку “”Ак жол” партиясынын солдаты” жаңы “Ата-Журт” партиясы менен шайлоого катышып, 210 миң шайлоочусу бар Кара-Суу районунан 32 миң добуш жыйнап бергенден бери Жунусовго жуучу түшкөн партиялар көп болуп келет.

Азыр да элчи Ибрагим Жунусовго “Республика”, “Ата-Мекен”, “Мекенчил” жана “Мекеним Кыргызстан” саясый партияларынан сунуштар түшүп, элчи “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости