www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Mazda 6 унаасынын айдоочусу да, жүргүнчүсү да 43 жашта экени аныкталды. Унаа Ысык-Көлдү көздөй бараткан.

Айланма жолдун Токмокко жетпеген жеринде жол кырсыгынан эки киши каза болгонун Чүй об­лустук милициясы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча 1-июлда, болжол менен саат 11.00дөрдө Ысык-Көл тарапты көздөй бараткан Mazda 6 унаасынын айдоочу­су уктап кетип, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада маңдайда келе жаткан Hyundai Porter машинасы менен кагышып, жеңил унаанын ай­доочусу да, жүргүнчүсү да көз жумган. Экөөнүн тең 43 жашта экени айтылууда.

Милиция туристтик сезондун башталганын, мындан улам айдоочуларга жол эрежесин бузбоону эскертет.

Булак: “Тамчы” 

Последние новости