www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 22-апрелинде Бишкекте кыргыз-кытай тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялары болуп өттү. Тараптардын делегацияларын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Лю Бинь жетектешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн кеңири талкуулашты.
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле тараптардын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өткөн Стратегиялык диалогдун биринчи жыйынынын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Алдыда өтө турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги маанилүү иш-чараларга даярдык көрүү маселелери өзүнчө талкууланды.
Консультациялардын алкагында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган соода-экономикалык кызматташтыкка, ошондой эле айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы жана транспорт тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасашты.
Анда БУУнун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ШКУдагы Төрагалыгы жана "Борбордук Азия – Кытай" форматындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.