www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту нике курагына байланыштуу мыйзам талаптарын бузган үч район тургунун күнөөлүү деп тапты. Алардын арасында 17 жаштагы кыздын апасы, анын күйөөсү жана нике кыйган молдо бар. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Иштин материалдарына ылайык, 2025-жылы Кашкар-Кыштак айылында 17 жаштагы кыз менен 30 жаштагы эркектин ортосунда диний нике кыйылган. Нике жергиликтүү молдо тарабынан окулган. Соттун аныктоосунда кыздын апасы эркектин туугандары менен алдын ала сүйлөшүп, никеге турууга макулдашканы көрсөтүлгөн.

2026-жылдын апрель айында кыз кош бойлуулугу боюнча каттоого туруп, 22-майда уул төрөгөн.

Иш боюнча кыздын күйөөсү, анын апасы жана нике кыйган молдо айыпталуучу катары өтүшкөн. Алар үчөө тең күнөөсүн мойнуна алышкан.

Сот алардын күнөөсүн моюнга алганын, мурда соттолбогонун жана оорлотуучу жагдайлар болбогонун эске алган. Алардын ар бирине үч жылдан эркинен ажыратуу жазасы дайындалып, бирок бир жылдык пробациялык көзөмөл колдонулган. Бул мөөнөттө соттолгондор өлкөдөн сыртка чыга алышпайт, айына эки жолу пробация органдарына келип турушу жана кайра социалдаштыруу программаларына катышуусу керек.

Кыргызстанда никеге туруу курагы 18 жаш деп белгиленген. Бирок өзгөчө учурларда атайын комиссиянын корутундусу менен бул курак 17 жашка чейин төмөндөтүлүшү мүмкүн. Эл аралык укук коргоо уюму Equality Now маалыматына ылайык, өлкөдө 20-24 жаштагы кыздардын болжол менен 13 пайызы 18 жашка толо электе турмушка чыккан.

Последние новости