www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылдыз Шеримбекова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Төрага Марлен Маматалиев кол койду.

Жылдыз Шеримбекова 2012-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин «Эл аралык мамилелер» адистигин аяктаган. 2015-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы, 2018-2022-жылдары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын маалыматтык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 

Ошондой эле 2022-2024-жылдары Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кеңешчиси, 2024-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын эксперти катары эмгектенип келген.

Последние новости