www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы бир айда кыргыз саясатында бири-биринен өткөн чуулуу окуялар чыгып, коомчулукта олуттуу талкуу жаратууда. Айрым саясатчылардын аты мандат, кумар оюндары жана пара тууралуу маалыматтарда аталып жатат.
Бир айдан бери кыргыз саясаты ичинен быкшып тургандай. Кечээ эле бактысы тоодой көрүнгөн айрым саясатчылардын бүгүн беткабы сыйрылып, эл болсо “ишенген тоом сен болсоң” деп олтуруп калгандай абалда. Өкмөт тарап болсо баягыдай эле тымтырс.
Бул аралыкта негизги окуялар Жогорку Кеңештин айланасында болуп жатат. Келгендер менен кеткендердин аягы али суюла элек.
Бүгүн коомчулукка эки маанилүү жаңылык тарады. Биринчиси — депутат Кубанычбек Конгантиевдин мандатына байланыштуу. Ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганы маалым болду. Айрым маалыматтарда 45 жаштагы депутаттын жүздөн ашык кыймылсыз мүлкү бар экени айтылып, бул коомчулукта суроолорду жаратты.
Экинчи жаңылык — депутат Шайырбек Ташиевге байланыштуу маалымат. Айрым билдирүүлөргө караганда, былтыр ал экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен Грузияда кумар оюндарын ойноп, 1 млн 320 миң доллар карыз болуп калышкан.
Жусупбек Коргонбай уулунун бүгүн социалдык тармакка тараган үндөшмөсүндө, бул ишке кримтөбөл Камчы Көлбаев да аралашып, карызды төлөп берүү боюнча кеңеш айткан. Бул маалыматтар расмий органдар тарабынан териштирилиши керек деген пикирлер коомчулукта талкууга алынды.
Мындан тышкары, ага эле утурлай Өкмөт тарапта да ызы-чуу жаралган маалымат чыкты. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов мурда орун басар болуп иштеп жүргөндө кызматка көтөрөм деп бирөөдөн 50 миң сом пара алган деген маалымат ачыкка чыкты. Натыйжада ал кызматынан кетти.
Коомчулукта азыр бир суроо күчөп турат: мындай фактыларга жөн гана кызматтан алуу менен чекит коюлабы же мыйзам алдында жоопкерчилик да каралабы?
Ошентип, кеткендер кетип, келгендер келип жатат. Саясий сахнадагы орундар алмашып жатканы менен, коомчулуктун көңүлүндөгү суроолор азайган жок. Эл бир гана нерсени күтүп турат — мыйзам алдында баары тең болуп, жоопкерчилик сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө көрсөтүлсө деген үмүт. Болбосо саясаттагы бул ызы-чуулар убактылуу шамалдай басылып, эртең кайра эле кайталанып калышы мүмкүн. Саясий сахна өзгөргөнү менен, эл күткөн адилеттик али алдыда.
Манас Осмон