www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы коррупцияга каршы күрөшүү чараларын ишке ашыруунун жана салык органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуунун алкагында 2026-жылдын биринчи кварталындагы жарандардын жана укук коргоо органдарынын кайрылуулары боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары тууралуу маалымдайт.
2026-жылдын үч айында Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына салык кызматкерлерине карата жалпысынан 76 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен:
– 38 арыз — жарандардан жана салык төлөөчүлөрдөн;
– 9 сунуш — укук коргоо органдарынан.
Ошондой эле 41 кайрылуу каралган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча:
– 10 учурда фактылар толугу менен тастыкталган;
– 1 учур жарым-жартылай тастыкталган;
– 30 кайрылуу боюнча фактылар тастыкталган эмес.
Кызматтык тартипти бузгандыгы жана кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн салык системасынын 53 кызматкери жоопкерчиликке тартылган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү тартиптик жаза чаралары колдонулган:
– эскертүү — 32;
– сөгүш — 14;
– катуу сөгүш — 4;
– кызматынан төмөндөтүү — 2;
– кызматтан бошотуу — 1.
Жалпысынан 14 кызматтык иликтөө дайындалган. Алардын биринин жыйынтыгы боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.
Аймактык бөлүмдөрдө мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабагандыгы жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн 7 кызматкер жоопкерчиликке тартылган.
Жарандардын салык мыйзамдарын бузуу боюнча арыздары менен иш алып баруу өзгөчө белгиленет. 58 арыздын негизинде 46 салык төлөөчү жоопкерчиликке тартылып (Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык айып пул салынган), ошондой эле 2 адамга каттоосуз иш жүргүзгөндүгү, салыктарды төлөбөгөндүгү жана ККМ колдонууда мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн эскертүү берилген.
Мамлекеттик салык кызматы жарандарды кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери тууралуу билдирүүгө чакырат.