www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объекттеринде техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында үзгүлтүксүз рейд жүргүзүүлүдө.
Рейддин жүрүшүндө техникалык коопсуздук эрежелерин жана эмгекти коргоо талаптарын так сактабаган объектилер боюнча бир катар компанияларга жазуу түрүндө эскертүү жана билдирүүлөр берилди.
Алар:
- “Жаз Строй” ЖЧКсы - 12 кабаттуу турак үй, Фучик 38;
- “Имран Строй” ЖЧКсы - 12 кабаттуу турак үй, Трудовой 9;
- М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын 8 кабаттуу окуу корпусу боюнча;
- “СК Авангард Стиль” ЖЧКсы - бизнес-борборго кошумча курулуш, Токтогул 125/1;
- “Эмаар Холдинг” ЖЧКсы - 12 кабаттуу турак жай комплекси, Термечиков 1А;
- “Залкар Строй” ЖЧКсы - 12 кабаттуу имарат, Исанов 42;
- “СК Нефрит” ЖЧКсы - 6 кабаттуу турак үй, Бакаев 174.
Мындан сырткары, “СК Нефрит” жана “Медстрой” ЖЧКларына карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чараларды көрүү маселеси каралды.