www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Атокур Жапанов өзүнүн социалдык баракчасында көзү өтүп кеткен белгилүү инсандардын өмүр жолу тууралуу эскерүүлөрдү байма-бай бөлүшүп келет. Бул жолу ал маркум Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн алынган үзүндүнү элдин эсине салды. Макала Сүйүн Курмановага таандык.

(1928–1932-жылдар)

Кыргыз мамлекетинин пайдубалы түптөлүп жаткан, азыркыга салыштырмалуу алда канча оор жана кыйчалыш мезгилде Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болуп иштеген, табиятынан асылзаада, терең билимдүү, улуттук интеллигенциянын чолпон жылдызы Жусуп Абдрахманов өз учурунда укмуштай зор иштерди аткарганына карабастан, элимдин ишенимин актап жатамбы деген суроо менен дайыма сабыркап, күндөлүгүндө өзү тууралуу “болбогон бир боз бала”, “кейбир”, “акылы жок” деп жазганы таң калтырбай койбойт.

Таң калганым — жоготкон жогубуздун бирин ушундан тапканым болду. Көрсө, өзүбүзгө сын көз менен кароо биздин нарк-насилибизден билинбей жоголуп кеткен экен. Азыр билимсиз экенибиз, акылсыз экенибиз, данексиз экенибиз күн сайын далилденип турса да, ага маани бербей, өзүбүздү “жаралып калган укмуш жанмын” деп уялбай-этпей кыйкырып жүрөбүз.

Бүгүн экинин бири — “улуу адам”. Аял-эркек дебей, баарыбызды улуулук оорусу (мания величия) сасык тумоодой каптап алган.
Өпкө кактырып, жиниктирген бул дарттын дабасы кайда экенин билбейм. Азырынча Жусуп агайдын күндөлүгүн барактап, анын өлбөс иштерди жараткан аруу, бийик келбетинин жанында өзүбүздүн ширеңкенин талындай кебетебизди көрүп, өпкөнүн желин аз да болсо чыгара туралы.

19.VIII.1928-ж.

Темир жол тармагынын тагдырын чечмекке Ташкенттен Москвага бара жатам. Оң жагына чечилерине көзүм жетпейт, ошентсе да “же бар, же жок” деген так жооп болушу керек. Ошондой болгону жакшы.

Бечара элим ай! Өз тагдырыңды, өз турмушуңду чече албай жүргөн бир байкуш балага ишенип берипсиң… Балдарым, иним эмне болот? Жашап кетишер. Токо, боорум, сага кыйын болот. Чын эле баарын, баардыгын биротоло таштап кетемби? Өмүр бою күрөшүп келген иштен ал артыкпы? Жок, жок, жок! Мен жашашым керек. Мен өзүмдүн эң кымбаттуу адамыма жашоого, күрөшүүгө, аны менен бирге жалпы иш үчүн, революциянын иши үчүн күрөшүүгө убада бербедим беле? Ал да мага Лениндик армия менен бирге күрөшүп, бардык элдердин ичинен эң бактысызы болгон менин элимдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууга убада кылбады беле? Эмне болуп жатам? Түшүнбөйм…

20.VIII.1928-ж.

Аз, бирок катуу уктап ойгондум. Кудай ургандай күндөрдүн уйкусунун ордун толтурайын дедим эле, болбой калды. Бир чети жакшы да болду. Окуй баштадым, бирок оюмдун баары башка жакта, ошондуктан эч нерсе түшүнбөй отурам.

Кызык элесиң да, Ю. (Жусуп — ред.), өз турмушуңду эмне үчүн тынч жашай албайсың? Мүнөттөр менен, күндөр менен жашап көрбөйсүңбү? Оюмдун такалган жери — байкуш элим. Өзүнүн жашоосун башкарууну мага окшогон нааданга ишенип берген. Элимдин ишенимин актабай калган ушунчалык эле акмакмынбы? Жок, андай эмес. Мен деле өз элимдин эң начар баласы эмес элем. Ооба, жаманы эмес элем. Анда эмнеге? Эми эң алсызы, эң чабалымын. Мындай чабал жанга жетекчилердин арасында орун жок. Кызматтан кетиш керек. Күчтүүрөөк, ишенимге татыктуураак адамды шайлашсын. М.сыз Ю. — басып жүргөн өлүк. Өлүктөр тирүүлөрдү башкара алышпайт…

21.IX.1928-ж.

Көңүлдү чөгөргөн кабар уктум. Токмок темир жолунун курулушу титулдуудан титулсузга түшүп калыптыр. Башкача айтканда, бул курулуш кезектен алынуусу мүмкүн. Ким күнөөлүү экени белгисиз. НКПС Мампландын транссекциясына, ал болсо кайра НКПСке шылтайт. Ары-бери чайпалып, ишеним кетти.

Эртең мененден кечке чейин ушу маселе менен чуркадым. Ким менен сүйлөшпөйүн, баары ыргылжың. НКПСтагы Лисица (Лазарь) өзүн Кыргызстандын досумун деп көрсөткүсү келет. Оңбогон неме. Айтканы башка, кылганы башка. “Мен каршымын” деп түз эле айтса жакшы болмок.

Иш деген улуу нерсе. Күн бою башка эч нерсеге алаксыбай, иш жөнүндө гана ойлондум. Эми минтип жаткан жериме келгенде (түнкү он эки болду) кимдир бирөө менен сүйлөшүп, кеңешким келди — эч ким жок… Эртең биздин маселе каралат. Каралабы? Ишке ашпай калабы?

Бүгүн Кыргызстанда чума башталганын уктум. Кайдан, кантип келгенин билбейм. Кыргызстандан келген айрымдар бул тууралуу мага билдиришкен эмес. Кай жакты караба жол болбой жатат. Жаным кейип, ыйлагым келет…

Даярдаган: Сүйүн Курманова /архив/

Последние новости