www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-декабрь күнү 17-декабрь – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын түзүлгөн күнүнө карата Ош ОИИБдин кызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сѳз кызматы билдирди.
Башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов сыйлык ээлерин ИИМдин жетекчилигин жана өздүк курамдын атынан кызуу куттуктап, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда ийгилик жараткан кызматкерлерди ИИМдин “Кыргыз милициясына 100 жыл” юбилейлик медалы жана ИИМдин “Кызматым элиме – мыйзам чегинде” төш белгиси менен сыйлады.
Аны менен катар кызматкерге “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кезектеги атайын милициянын подполковник наамын ыйгарды.
Соңунда өздүк курам салтанаттуу саптык жүрүш менен басышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.