www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борборубуз Бишкек калаасынын дал эле борборунда бүгүнкү заманга төп келген жаңы көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. Ошолордун биринде мен түнкүсүн кароолчулук кызматын аткарам. Кеч кирип келатканда курулушта иштеген жумушчулардын бардыгы кетишет дагы, жаңы курулуп келаткан бийик кабаттуу үйдүн ичинде жалгыз өзүм калам. Үйдүн айлана-чөйрөсү бийик короо менен убактылуу курчалган. Ичине эч ким кире албайт. Ичинде жападан жалгыз өзүм болом. Көп кабаттуу үйдүн алдында эки кабат жер төлөсү да бар. Сырттагы жашоо өзүнчө, ичинде болсо өзүм менен өзүммүн, жапжалгыз. Түн ортосунда эки жолу текшерүүчүлөр келип кетишет. Беш маал намазымды окуп өзүм менен өзүм болуп ичиндемин. Ошону менен катар түнкү намаздарды да окуп, Жаратканга ибадат кылам.

Бир жолу таңкы саат беш чендерде түнкү намаздарды окуп жаткам. Кээде намаз окуп жатканда жер төлөдөн, айлана-чөйрөмдөн ар кандай добуштар чыга берет. Мен андан чочулабайм, коркпойм деле, бир топ жылдан бери ар кайсы объекттерде кароолчулук жумуштарды иштеп жүргөндүктөн андайларга көнүп деле калгам, маани дагы бербейм. Эң башкысы, мага эч кандай коркунуч зыяны жок. Ошол таңкы саат бештерден өтүп калган маалда намаздарымды окуп бүтүп, зикир чалып отургам. Анча чоң эмес колго жасалган будканын ичинде болчумун. Терезелери жок болгондуктан ичине жарык тийип туруш үчүн тунук клёнка менен жасашкан, ошол аркылуу ичине жарык кирип турат. Ал эми түнкүсүн болсо көчөдөгү прожекторлордун, анан өзүбүздүн дагы прожекторубуздун жарыгы түшүп турат ичине.

Зикир чалып отуруп күтүүсүз жерден клёнка эшик аркылуу дубалга тийип турган ары-бери кыймылдап турган сүйрү, түркүн түстүү нурга көзүм уруна түштү. Адегенде ага анча деле маани берген эмесмин. Ал балыктай болуп ары-бери кыймылдап турду. Аны бир карап койдум дагы зикир чала бердим, анан кайрадан ага көзүм түштү. Ал суудагы балырдай болуп ары-бери чайпалып кыймылдап жатты. Көзүмө кадимки жомоктогу балык кыз элестеп кетти, жакшылап карасам чын эле балыктын элеси турат. Ал ары-бери кыймылдап жатты, дале да болсо ага анча маани берген жокмун. Зикиримди чалып бүтүп кайрадан намазга отурдум. Таңкы саат алтыларга чукулдап калган болчу. Намазымды жаңы эле окуп бүтүп, ошол нурга кокусунан көзүм илинип кетти. Соймоңдогон кадимки жыландын элеси турат. Бир аз карап турган соң, кадимки көп буттуу чаяндын сөлөкөтү пайда болду. Аны кунт коюп карап калдым, шайтанды элестетип жибердим эле тобо, куйругу узун, эки мүйүзү бар шайтандын элеси пайда болсо болобу. Чалып жаткан зикиримди токтотуп бир аз ага алаксый түштүм. "Эмне, чын эле шайтан мени алаксытып, азгырып жатабы?" деген да ой кетти. Намаз окугандан бери мен эч нерседен коркпой калгам. Мурун жашыраак кезде караңгыда мүрзөлөрдөн, күмбөздөрдөн жаман коркчумун. Намаз окуй баштагаңдан бери алардан болгон коркунуч өзүнөн өзү жоюлуп кетти. Дегеле желмогузбу, арбакпы, көрүмчүбү, жин шайтанбы же башка ушул сыяктуу нерселерден коркпой калгам. Намаз окуй баштагандан бери жүрөктөгү коркунучтардын бардыгын тазалап таштады. Караңгыда жалгыз жүрсөм дагы ар кандай тарсылдак-турсулдак добуштарга анча маани бербейм. Андай нерселер далай баштан өтпөдүбү, Кудайым сактасын, эч кандай коркунучтарга, кырсыктарга деле кабылган жокмун.

Акырын ордумдан турдум дагы дубал бетиндеги суу астындагы балырдай болуп кыймылдап жаткан нурдун жанына бардым. Ал бир ордунда катып турбай дале да болсо ары-бери жай, каалгып кыймылдап жатты. Көзүмө кишинин элесин элестетип койсом, менин оюмду түшүнгөндөй кишинин элеси пайда болуп кетет. Пилди элестетсем пилдин элеси пайда болот. Жаш кезекте өзгөчө жай мезгилде шибер чөпкө чалкаман жатып алып асмандагы булуттарды караганды жакшы көрчүмүн. Жай каалгый жылган булуттардан ар кандай жаныбарлардын элеси келе берчү. Аны бардыгы эле билет болуш керек. Бул дубалдын бетиндеги нур сөлөкөт дагы дал ошондой ар кандай нерселерди көрсөтүп жатпайбы. Сөлөкөттү бир аз карап турдум, ар кандай түскө өзгөрүп кетип жатат. Бул нур каяк жактан келип жатат, клёнка каалганы карадым, балким, сырттагы прожекторлордон бир нерсеге чагылышып келип жаткандыр деп каалганы ачып сыртка чыгып, бардык прожекторлорго, бул жакка жарык берип жаткан бардык лампочкага көз жүгүрттүм.

Өзгөчө деле чагылышкан нур, эч нерсеси билинбейт. Таң калычтуусу, күндүзү көрүнбөйт, айланага караңгы киргенде да көрүнбөйт, анан эле түн ортосунан ооп баштаганда түнкү намаздарды окуп, зикир тарта баштаганда пайда болот. Айланага таң агарып келатканда өзүнөн өзү жок болуп кетет. Бул табышмактуу нур каяк жактан чагылышып келип жатканын таптакыр аныктай албай койдум. Балким, сырткы прожектор жарыгы клёнка аркылуу өтүп ушундай сөлөкөттүү нурду пайда кылып жаткандыр деген чечимге келип, өзүмө-өзүм жыйынтык чыгарып койдум. Ал нур азыр да бар, ар кандай фигураларды көрсөтүп бир ордунда былк этпей жай каалгып кыймылдап турат. Ага көнүп деле калдым, көңүл бурбоого аракет жасайм. Деги Кудай сактасын, балээ кырсыктардан!

С.ЖУМАКАДЫРОВ

Булак:   Сырдуу дүйнө

Последние новости