www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 50 жаштагы араб жараны, Smart Generation фондунун жетекчиси Ель-хажи Мохаммад Абед сабалганы айтылууда. Окуянын себеби — чет элдик жаран жол эрежесин бузган айдоочуга болгону белги берген. Бул тууралуу журналист Семетей Аманбекова өзүнүн баракчасында билдирди.
Агрессор анын улгайган адам жана чет элдик экенинен пайдаланып, кол көтөргөнү коомчулукта нааразылык жаратууда. Мындай көрүнүштөр Кыргызстанга келчү инвесторлор менен туристтердин коопсуздугуна жана өлкөнүн аброюна терс таасирин тийгизет.
Ички иштер министрлигинен окуяга катышкан айдоочуну тез арада таап, мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартуу талап кылынууда. Эгер экспертиза денеге залал келтирилгенин аныктаса, кылмыш иши козголушу керектиги айтылды.
Жолдогу зомбулук жана бейбаштык жазасыз калбашы керек.