www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Инара Гилязетдинова Россия Федерациясынын биринчи Президенти  Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия  Славян университетинин студенттери үчүн конок лекция өткөрдү.

Иш-чарага ошондой эле Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев катышты.

Лекция «Судьянын кесиптик этикасы» темасына арналды. Ага юридикалык факультеттин 1–2-курсунун студенттери, ошондой эле «Соттук экспертиза» адистигинин 3-курсунун студенттери болуп, жалпы 75 студент катышты.

Лекциянын жүрүшүндө Инара Гилязетдинова судьялык этиканын негиздери, судьянын көз карандысыздыгы жана бейтараптуулугу тууралуу кеңири баяндап берди. Ал иштерди кароодо жогорку кесипкөйлүк менен катар адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктар өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, сот тутумуна болгон ишеним, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда судьянын ролу, ошондой эле сот системасын санариптештирүү багытындагы заманбап процесстерге өзгөчө көңүл бурулду.

Студенттер талкууланып жаткан темаларга чоң кызыгуу менен катышып, судьялык кесиптин татаалдыгы, судья болууга коюлган талаптар, соттордун ишмердүүлүгүнүн практикалык жагдайлары жана санариптик технологияларды киргизүү маселелери боюнча суроолорду беришти.

Жолугушуунун соңунда Инара Гилязетдинова менен Азамат Узакбаев студенттердин бардык суроолоруна жооп берип, келечектеги юристтердин кесиптик калыптанышынын маанилүүлүгүн жана алардын коомдогу укуктук маданиятты өнүктүрүүдөгү активдүү ролун белгилешти.

Мындай форматтагы жолугушуулар теория менен практиканын ортосундагы байланышты чыңдоого, жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана сот тутуму менен судья кесиби тууралуу объективдүү түшүнүк калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Судьялар мындан ары да ушундай лекцияларды жана жолугушууларды өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
 

Последние новости