www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-октябрында Кыргызстандын БУУдагы жаңы Туруктуу өкүлү Аяз Баетов Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерришке Ишеним грамоталарын тапшырды.
Салтанаттан кийин өткөн протоколдук жолугушууда Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.
Аяз Баетов Антониу Гутерришке Кыргызстанга көрсөткөн туруктуу көңүл буруусу, тыгыз кызматташтык жана Кыргызстандын БУУнун алкагындагы демилгелерин колдоп келгени үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысы Аяз Баетовду дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.