www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарында мэрдин катышуусунда жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине арналган жыйын өттү.
Жыйынга шаар мэри Абдупата Маткаликов, Токойлорду коргоо жана сактоо станциясынын директору Токтомамат Бокоев, Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү департаментинин жетекчиси Ысмаил Абдурасулов жана бул багыттагы адистер катышты.
Жыйында шаар аймагындагы илдетке чалдыккан мажавелик, арча, ежевика жана башка дарактардын абалы каралып, аларды сактап калуу, жаңылоо жана жашылдандыруу иштерин комплекстүү жүргүзүү маселелери талкууланды.
📌 Адистердин айтымында, дарактардын 50 пайыздан ашык бөлүгү илдетке кабылган учурда, аны мындан ары жайылтпоо үчүн сөзсүз түрдө жок кылуу (өрттөө) талап кылынат. Ал эми илдет аз деңгээлде болсо, тиешелүү дарылоо иштерин жүргүзүү аркылуу сактап калууга мүмкүнчүлүк бар экени белгиленди.
Бул маселени натыйжалуу чечүү максатында атайын комиссия түзүү зарылдыгы айтылып, жакынкы аралыкта бул багытта мораторий жүргүзүү пландалды. Ошондой эле жооптуу мекемелерге тапшырмалар берилди.
Адистер бул көйгөй Манас шаарында гана эмес, башка аймактар да актуалдуу болуп жатканын белгилеп, масштабдуу иш алып барууга чакырышууда.