www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соң-Көлдө эки япон жараны каза болду

Соң-Көлдө эки чет өлкөлүк жаран каза болду. Бул маалыматты Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрь күнү саат 07:55 чамасында Соң-Көл жайлоосунда эки чет өлкөлүк жарандын каза болгону тууралуу кабар түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 21-сентябрда чет өлкөлүк жарандар эс алуу үчүн аталган жерге келишкен. Алар газ менен иштеген жылыткычты колдонушкан жана уктап калышканы божомолдонууда.

Окуя болгон жерге Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу барган. Укук коргоо органдары зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүп, тиешелүү экспертизаларды дайындашты.

Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Болгон окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондор Япониянын жарандары болгон.

Последние новости