www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews редакциясына Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округунан шайланып келген депутаттын ишмердүүлүгүнө байланыштуу “тоголок кат” келип түштү.
Катта эл өкүлүнүн шайлоого чейинки эмгек жолу, шайлануу процесси жана материалдык абалы тууралуу бир катар маалыматтар камтылганы айтылат. Андагы айрым жагдайлар тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынышы мүмкүн экени белгиленген.
Учурда редакция түшкөн материалдарды кылдат талдап, фактыларды текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Жетиштүү жана ынанымдуу далилдер аныкталган учурда бул боюнча кеңири материал жарыяланары маалымдалат.
Автордон: NazarNews редакциясы коомчулук үчүн маанилүү болгон маалыматтарды жоопкерчилик менен чагылдырат. Эгер катта көрсөтүлгөн маалыматтар тастыкталса, бул маселе коомдук жана укуктук деңгээлде олуттуу талкууга себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле айтылып жаткан тарапка өзүнүн расмий позициясын билдирүү мүмкүнчүлүгү берилет.