www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Кенешбек Токтомамбетов жана Качыке Эсенканов «Кылмыш жазаларын дайындоонун актуалдуу көйгөйлөрү» темасындагы эл аралык тегерек столдун ишине катышты.

Иш-чара КМШга мүчө мамлекеттердин сот системалары үчүн кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы базалык уюм болуп саналган В.М. Лебедев атындагы Россия мамлекеттик адилет университетинин аянтчасында онлайн форматта өткөрүлдү.

Талкууга Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Беларусь Республикасы, Армения Республикасы жана Тажикстан Республикасынын сот органдарынын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Онлайн форматтагы талкууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин өкүлдөрү жана сот тутумунун аппарат кызматкерлери да кошулушту.

Тегерек столдун жүрүшүндө кылмыш жазаларын дайындоого байланышкан укук колдонуу практикасынын актуалдуу маселелери каралды. Атап айтканда, кылмыш иштеринин айрым категориялары боюнча жаза дайындоонун өзгөчөлүктөрү, атайын эрежелерди колдонуу маселелери, сот ишмердүүлүгүндө санариптик технологияларды жана жасалма интеллекттин элементтерин пайдалануу, ошондой эле кылмыш мыйзамдарын өркүндөтүүнүн айрым аспектилери талкууланды.

Мындан тышкары, КМШга мүчө мамлекеттерде кылмыш жазаларын дайындоодо бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу жана эл аралык тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар эл аралык кызматташууну мындан ары чыңдоо, соттук практиканы өркүндөтүү жана сот системасы үчүн кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгилешти. Айтылган сунуштар жана сунуштамалар мыйзамдарды бирдей колдонуу практикасын камсыз кылууга жана сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталды.
 

Последние новости