www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Сууда мал уурдоого шектүүлөр кармалганын Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-март күнү Кара-Суу РИИБге жаран арыз менен кайрылып, койлорун белгисиз атуулдар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1 -беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган К.М., 2008-жылы туулган К.А. жана 2006-жылы туулган Т.у.А. аттуу жарандар кармалып, камакка алынды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн башка мал уурдаган фактылары аныкталды. Алынган маалымат боюнча, дагы башка 16 кой, 2 бодо мал уурдашкан.

Жабырлануучуларга келтирилген болжолдуу чыгым 820 000 (сегиз жүз жыйырма миң) сомду түзүп, анын 200 000 (эки жүз миң) сому кайтарылды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

 

Последние новости