www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик казынаны каңтарууда бул саам Жогорку Кеңеш да артта калбай, эс алууда жүргөн депутаттарын мыкты мекеме менен күтүп алуунун камын көрүүдө.

Аталган мекеменин айрым ички жасалгаларын оңдоо иштери ушул кезде кызуу жүрүп жаткан кез. Парламент буга чейин июнь айында кымбат баадагы мамлекеттик сатып алуу жасашкан.

Акүйдөгү айнектерди алмаштырууга 11.1 млн сом кетирип, 629 миң сомго курулуш материалдары алынганы айтылган болчу. Эми сан-техника менен унитаздарды жаңыртып, аларга салыкчылардын эсебинен 708 миң коротууну көздөшүүдө.

Бул тууралуу арыз Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган. Депутаттар дагы эмнени элдин эсебинен сатып алары тууралуу кийинкиде кенен кайрылабыз.

Мамлекеттик казына эсебинен Жогорку Кеңеш деле орунсуз чыгымдоолорду кетирип жатканы ачыкка чыга баштады.

Маселен, бул мекеменин аппаратыз Лексус 470 унаасын 254 миң сомго ондотууга арыз ташташып, мындан башка депутаттар үчүн беш сканерди (300 миң сомго) жана унаалар үчүн карпка (60 миң ) коротушканы маалым болууда.

Айтор, эл ойлогон эл депутаттары деле "жыргатпайт" экен, деп Факты.kg жазган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости