www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган премьер-министрдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн элдин, президенттин жана парламенттин алдында ант берүү салтанаты өтүп жатат. Ант берүү аземи бүгүн саат 10:00гө белгиленген. Учурда 99 депутат каттоодон өттү.

Алар конституцияны, мыйзамдарды ыйык сактоого, ак ниет жана акыйкат, өлкө үчүн, анын бакубатуулугу үчүн талыкпай кызмат кылууга ант берип жатышат. Антын бузса мыйзамга ылайык жооп бере тургандарын айтышууда. Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Буга чейин вице-премьер Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алганынан улам иш-чарага катыша албай турганы айтылган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 16-июнда өздөрүү сунуштаган техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырган. Коалициянын мүчөлөрү өкмөттүн жаңы курамын дээрлик бир добуштан колдошкон болчу.

Анда өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости